2025-жылдын 24-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин айрым кызматкерлери түрк элдеринин маданиятын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн жана КУУнун 100 жылдык мааракесине карата “Түрксой” эл аралык уюмунун медалы менен сыйланышты. Сыйлыкты аталган уюмдун баш катчысы Султан Раев тапшырды.

Сыйлык алган кызматкерлер:

  1. Садык Алахан – КУУнун аксакалдар кеңешинин төрагасы
  2. Жээнбек Эралиев – КУУнун басма сөз кызматынын башчысы
  3. Сагынтай Кадышев – Физика жана электроника факультетинин доценти
  4. Жылдыз Кожомбердиева – Журналистика жана коммуникация институтунун директорунун орун басары
  5. Бекболот Канетов – Академик А.А. Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын башчысы
  6. Доорон Нуриев – КУУнун ректорунун уюштуруу-укуктук маселелер боюнча кеңешчиси
  7. Тургунбек Ниязов – Физикалык жана экономикалык география кафедрасынын профессору.

Ал эми Кыргыз филологисы факультетинин деканы Бакыт Жайлообаев “Түрксой” эл аралык уюмунун диплому менен сыйланды.

Добавить комментарий