2025-жылдын 13-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Leaders&Students Forum 2025” аталышындагы бизнес форум болуп өттү.
Жыйында сөз суйлөгөн КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев бүгүн дүйнө жүзүндө, анын ичинде Борбордук Азияда стартаптар жана инновациялык экосистема активдүү өнүгүп жатканын, ал эми Кыргыз улуттук университети жөн гана билим берүү мекемеси болбостон, студенттердин идеяларын колдогон жана аларды ишке ашырууга шарт түзгөн инновациялык платформа болууну максат кылып жатканын белгилеп, бүгүнкү иш чара – бизнес өкүлдөрү менен студенттердин жаңы форматтагы өнөктөштүгүнүн башталышы экенин билдирди жана “Бүгүн сиздер угуп жаткан ар бир спикердин тажрыйбасы — бул практикалык мектеп. Сиздерден күткөн тилегибиз — демилгелүү болуңуздар, идея сунуштоодон тартынбаңыздар, анткени келечектеги өзгөрүүлөр дал ушул студенттик демилгеден башталат. Бүгүнкү форум университетте студенттик стартап маданиятын системдүү түрдө өнүктүрүүгө күчтүү түрткү берет деп ишенем”, – деди.
Инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова бүгүнкүдөй иш-чара 2-жолу өткөрүлүп жатканын белгилеп, студенттерге “Биз бүгүн атайы силер үчүн бизнес өкүлдөрүн чакырдык. Ошондуктан, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, көп-көп суролорду бергиле да, студент кезде стартап идеяларды ишке ашырып, бүткөндө миллионер болгула”, – деди.
Premium Pass International компаниясынын президенти жана негиздөөчүсү Ким Ин Со мырза өзү жетектеген компания тууралуу маалымат берип, MICE индустриясы жана аны Кыргызстанда өнүктүрүү багыттары тууралуу кенен баяндама жасады.
Өздөрү жетектеген же иштеген ишкана-мекемелер тууралуу о.э. Жогорку технологиялар паркынын “Келечектин экосистемасы” департаментинин жетекчиси Нурзат Тынымбек, “Lalafo.kg” онлайн-платформасынын маркетинг боюнча директору Руслан Гайдаров, «Central Asia Capital» инвест-фондунун персонал боюнча директору Мээрим Салимова, «Geeks» компаниясынын директору Медер Раззаков, «Fashion Mart» проектинин директорунун орун басары Аяна Сматова айтып беришти.
Форумдун соңунда спикерлер студенттердин суроолорун жооп беришти.
