2025-жылдын 23-октябрь күнү эрте менен саат 10.00дө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар башталды. Бул тууралуу КУУнун ректор, профессор Догдурбек Чонтоев башкы имараттын алдындагы аянтчада болгон салтанаттуу жыйында жарыя кылды.
Ректор өз сөзүндө КУУнун 100 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар улуттук гана эмес, глобалдык мааниси жана масштабы бар иш-чаралар экендигин белгиледи.
Андан кийин ректор баштаган КУУнун жетекчилери 9-жатакананын 1-кабатында жайгашкан Башкаруу, бизнес жана менеджмент институтунун сапатты башкаруу боюнча комплекстүү лабораториясынын жана башкы имаратта жайгашкан Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун “Жасалма интеллект”, “Big Data” лабораторияларынын жана окуу-методикалык кабинетинин ачылыш аземине катышты.
Түштөн кийин биология факультетинде оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңыланган лекция залы жана “Жашыл бөлмө” ачылды.
География, экология жана туризм факультетинде Географиялык маалыматтык системалар лабораториясы ачылды
И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институтунда жаңы билим берүү “Манас өргөөсү” жана “Көркөм өнөр жана технология” дарсканалары ачылды.
“Манас өргөөсү” дарсканасын п.и.к., МЧМПжББТ кафедрасынын доценти Сууракан Конгайтиева өз эсебинен жасалгалап, бул кабинет манасчылык маданиятты, элдик чыгармачылыкты жана кыргыз элинин руханий мурасын келечек муундарга үйрөтүү үчүн маанилүү билим берүү борбору болуп саналат.
“Көркөм өнөр жана технология” дарсканасы башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоодо көркөм-эстетикалык билим берүү деңгээлин жогорулатуу жана заманбап билим берүү технологияларын пайдалануу максатын көздөйт. МЧМПжББТ кафедрасынын ага окутуучусу, КРнын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Айнагүл Оторбекованын жетекчилиги менен кабинет заманбап окуу жабдуулары жана чыгармачылык иш-чараларды уюштуруу үчүн керектүү материалдар менен камсыздалган.
Иш-чаранын алкагында СТАРТАП долбооруна катышкан студенттердин кол өнөрчүлүк иштеринин көргөзмөсү уюштурулуп, алардын чыгармачылык жана жаңычыл идеялары коомчулукка көрсөтүлдү. Ар бир эмгек студенттердин фантазиясы, шыгын жана эмгекчилдигинин натыйжасы катары бааланды.
Мындан сырткары, “Ташка чегилген сүрөттөрдүн негизинде арт-терапия” аттуу чыгармачыл мастер-класс өткөрүлүп, анын жүрүшүндө университеттин ректору Догдурбек Чонтоев өз колу менен тарткан сүрөтү “Көркөм өнөр жана технология” кабинетинин дубалына эстелик катары илинди. Бул иш-чара арт-терапиянын окуу процессинде жана чыгармачылыкты өнүктүрүүдө маанилүү экенин далилдеди.
Иш-чаранын жүрүшүндө ректор Доктурбек Чонтоев Эл мугалими Силима Абдрахмановага “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалын тапшырды.
Иш-чараны институттун директору Рахат Сулайманова жыйынтыктап, келген конокторго жана уюштуруучуларга раазычылык билдирди.
Кыргыз филологиясы факультетинде кыргыз тил илимине эбегейсиз салым кошкон көрүнүктүү окумуштуу-профессорлор Абдукул Жапаров, Карбоз Дыйканов, Садыбакас Шатманов жана педагогика илимдеринин доктору, профессор Жеңишбек Чыманов атындагы окуу-методикалык борборлор ачылды.
Атайын жабдууланган бул кабинеттер улуу агайлардын балдары, кыздары жана шакирттери тарабынан демөөрчүлүк жолу менен ишке ашырылды. Кабинеттер заманбап технологиялык жабдуулар менен камсыздалып, окутуучуларга лекция, семинар жана илимий конференцияларды өткөрүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Эң башкысы — бул борборлор илимге умтулган жаштар үчүн чоң руханий дем, таалим-тарбиянын тиреги, мурас ээлеринин элесин сактап туруучу борборго айланат деп ишенебиз.
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун жалпы жамаатынын атынан демөөрчүлүк көрсөткөн улуу муундун урпактарына жана шакирттерине терең ыраазычылык билдиребиз.
(С) А.У.Акынбекова – кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, профессор