2025-жылдын 3-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор  Догдурбек Чонтоев Кытай Эл Республикасынын Ганьсу провинциясынын Илимдер  академиясынан келген делегацияны кабыл алды.           

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай мамилеси, илим изилдөөнүн жаңы тармактары жана маданий алакалардын мындан аркы өнөктөштүгүн өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Ректор Догдурбек Чонтоев Ганьсу провинциясындагы ири академия КУУ менен коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча кызматташууга кызыктар болгондугу өзгөчө баалуу экендигин  билдирди. 

Аны менен катар КУУнун Кыргыз-кытай  изилдөөчүлүк институту жана Ганьсу коомдук илимдер академиясы менен биргеликте «Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелери: кечээ, бүгүн жана эртең» аттуу китеп жазуу тууралуу проект  даярдалууда. Мындай баштамаларды ишке ашыруу үчүн эки тараптуу меморандумга кол коюлду.

Ганьсу коомдук илимдер академиясынын директору Лю Юшундун билдиришинче китеп “Бир алкак – бир жол” долбоорунун алкагында ишке ашат. Китеп эки тараптын кызматташуусу, өлкөнүн тарыхы жана маданияты тууралуу маалыматтарды камтыйт.

Добавить комментарий