2025-жылдын 22-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректорлору, факультет декандары жана институт директорлору башкы имаратта жайгашкан Кырдаалдык борбордун иши менен таанышты.

КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев мындай борборлорду аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети менен Кытайдагы университеттерге болгон иш сапар учурунда көргөнүн, эми 100 жылдык мааракеге карата Улуттук университетте да ачылып жатканын айтып, ачылып жаткан борбор тууралуу маалыматты окутуучулар менен студенттерге толук жеткирүүнү түзүм жетекчилерине тапшырды.

Биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиевдин айтымында, Кырдаалдык борбор учурдагы кырдаалды көзөмөлдөө, маалыматтарды тез чогултуу, талдоо жана башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн кызмат кылат. Учурда университеттин окуу имараттарындагы 250 дарсканага видеокамералар орнотулуп, алардын баары борбордогу серверге туташкан жана өлчөмү 6х4 метр болгон экранда көрүнүп турат. Мисалы, кайсы дарсканада кайсы окутуучу, кайсы сабакты өтүп жатканы, ал сабакка канча студент катышып жатканы ж.б.у.с. Жакынкы арада дарсканада отурган адамдардын жүзүн таануу боюнча программа орнотулуп, иштей баштайт.

Аталган борбор о.э. видеокөзөмөл жана кирүүнү көзөмөлдөө системалары менен бириктирилип, студенттердин, окутуучулардын жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн да кызмат кылат.

Добавить комментарий