2025-жылдын 17-октябрында Чет тилдер институтунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине карата ректор тарабынан демилгеленген “100 жылдыкка – 100 кабинет” долбоорунун алкагында окуу-методикалык англис тили кабинетинин ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, ректорат аппаратынын жетекчиси Доорон Кубатбек уулу, Чет тилдер институтунун директору Кенжебай Уметов, англистика кафедрасынын башчысы Асель Мамытова, о.э. институттун профессордук-окутуучу курамы катышты.
Ректор куттуктоо сөзүндө демөөрчү Жумакадыр уулу Сейтекке ыраазычылык билдирип, мындай демилгелер университеттин өнүгүүсүнө чоң салым кошоорун, студенттер үчүн ыңгайлуу жана заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи.
Белгилей кетсек, жаңы кабинет заманбап талаптарга жооп берген, эң акыркы үлгүдөгү окутуу жабдуулары менен толук камсыздалган. Бул кабинетти жабдуу демилгесин 2011-жылы Чет тилдер институтунун англистика жана маданият аралык байланыштар кафедрасынын бүтүрүүчүсү, учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору болуп эмгектенген Жумакадыр уулу Сейтек колго алган.
(С) Байболотова Ж.Т. – тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары





