2025-жылдын 30-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ректорат кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынды КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алып барды.

Отурумдун башында ректор Улуттук университеттин 100 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде өткөнүн, мааракеге карата Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасынан биринчи болуп “Манас” ордени менен сыйланганын, ага улай Түрксойдун алтын медалы да ыйгарылгандыгын белгилеп, мааракелик иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө азбы-көппү өз деңгээлинде салым кошкондугу үчүн жыйындын катышуучуларынын баарына ректораттын жана өзүнүн атынан терең ыраазычылык билдирди.

Догдурбек Чонтоев о.э. окуу жайдын 100 жылдыгын өткөрүүдө биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк, басмакананын директору Талантбек Сарыбаев, тарых жана чөлкөм таануу институтутунун профессору Шайыркүл Батырбаева, “КУУнун жарчысы” редакциялык басма бөлүмүнүн башчысы Клара Шакированын жана башкалардын эмгектери зор экенин белгилеп өттү.

Андан кийин, күн тартибиндеги “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Аньхой маалыматтык-гуманитардык колледжинин уставын бекитүү”, “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ички гранттарынын негизинде тандалган долбоорлорду каржылоо”, “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин Scopus/Web of Science эл аралык илимий-маалымат базаларында макалаларын цитаталоого шыктандыруучу регламентти бекитүү”, “Каракол шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин гуманитардык жана табигый дисциплиналар кафедрасына юридикалык кафедрасын кошуу менен юридикалык жана табигый-гуманитардык дисциплиналар кафедрасын түзүү” жөнүндө маселелер каралып, алар боюнча биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, илим жана илимий-аналитикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Качкын уулу жана Каракол шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин деканы Тилек Кылчыкбаев билдирүү жасашты.

Отурумдун жүрүшүндө каралган маселелер боюнча көптөгөн суроолор берилип, кызуу талкуу жүрүп, аталган маселелерди Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отурумуна алып чыгуу боюнча чечимдер кабыл алынды.

Добавить комментарий