2025-жылдын 17-октябрында Социалдык-гуманитардык илимдер институтунда Жусуп Баласагын атынданы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине карата ректор тарабынан демилгеленген “100 жылдыкка – 100 кабинет” долбоорунун алкагында дин таануу жана теология кафедрасына анын негиздөөчүсү профессор Омурова Толкун Омуровнанын ысымын ыйгарууга жана аталган кафедранын жаңыланган кабинетин ачууга арналган азем болуп өттү.
Иш-чарага КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова, аймактык маселелер боюнча проректор Кундуз Базакеева, кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков, чакырылган коноктор жана институттун жетекчилиги менен профессордук-окутуучу курамы катышты.
КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев куттуктоо сөзүн сүйлөп, дин таануу жана теология кафедрасына Окумуштуулар кеңешинин чечими жана ректордун буйругу менен аталган кафедранын негиздөөчүсү, Кыргызстандын дин таануу боюнча билим берүү тармагынын калыптанышына салым кошкон профессор Омурова Толкун Омуровнанын ысымы ыйгарылганын билдирип, дин жана салттуу диндердин негиздерин билүүнүн жана адекваттуу түшүнүүнүн жоктугу – студенттерди диний экстремизмге, терроризмге жана алардын ар-кандай сектанттык кыймылдарга аралашуусуна алып бараарын, ошондуктан кафедранын миссиясы улуттук коопсуздук контекстинде стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө куттуктоо сөздөрүн о.э. КУУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова, аймактык маселелер боюнча проректор Кундуз Базакеева, юстиция министрлигинин алдындагы соттук-эксперттик кызматтын лингвистикалык, дин таануучулук жана психологиялык экспертиза башкармалыгынын төрагасынын орун басары, фил.илим.канд. Жийдегуль Семенова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Этникалар арасындагы мамилелер жана дин иштери боюнча улуттук агенттикке караштуу Диний кырдаалды изилдөө борборунун төрагасынын орун басары Кубанычбек Абакиров, филос.илим. доктору, профессор Клара Ажыбекова, пед.илим. доктору, жогорку мектептин педагогикасынын профессору Нурбубу Асипова айтышты.
















