2025-жылдын 14-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Түштүк Кореянын Кемён университетинен компьютердик техникалардын экинчи бөлүгү келди. Биринчи бөлүгү 29-сентябрда келген.
Аталган техникалар Улуттук университет менен Кемён университети биргеликте ишке ашырып жаткан жети жылдык LUPUC долбоорунун алкагында жеткирилди. Алардын ичинде 43 заманбап компьютер жана 9 интерактивдүү панель бар.
Техникаларды кабыл алуу аземине КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова, административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов, эл аралык кызматташуу жана байланыштар департаменттин башчысы Бактыбек Келдибеков катышты.