2025-жылдын 31-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргыз университеттеринин эң мыкты 92 студентине президенттин мактоо баракчасын жана 60 миң сом өлчөмүндөгү стипендияны тапшырды.

Мамлекет башчысы республиканын келечеги инновациялык ой жүгүрткөн жана улуттук салттарды сыйлаган билимдүү жаштардан көз каранды экенин баса белгилеп, «Бул залда отурган ар бир стипендиат — өз кесибинин мыктысы болууга умтулган, мекенине кызмат кылууга даяр, жаңыча ой жүгүрткөн жаңы муундун өкүлү деп билем. Силердин бул жетишкендигиңер — агартуучуларыңардын, ата-энеңердин талыкпаган эмгегинин жана өз билим алууга болгон ынтызарлыгыңардын үзүрү. Бүгүн алган стипендияңыз — буга чейинки эмгегиңизди баалоо гана эмес, келечекте мыкты инсан жана өз ишинин адиси болууга чакырык», — деди.

Президент жаңы муундагы адистерди тарбиялаганы үчүн мугалимдерге ыраазычылык билдирип, ар бир окуучунун ийгилиги мугалимдер менен ата-энелердин биргелешкен аракетинин натыйжасы экенин баса белгиледи.

Президенттик стипендияга татыктуу болгон КУУнун студенттери:

1. Аламанова Назик Батырбековна – Гуманитардык-табигый илимдер факультети

2. Апышева Нурайым Аляскаровна – Юридикалык институт

3. Жумакадырова Кундуз Жолдошбековна – Чет тилдер институту

4. Каныбекова Айзада Каныбековна – Чет тилдер институту (барган жок)

5. Иниятова Эдита Азаматовна – Тарых жага чөлкөм таануу институту

6. Кубатбекова Рахима Кубатбековна – Тарых жана чөлкөм таануу институту

7. Карыпбаев Дастан Таалайбекович – Кыргыз-кытай институту (барган жок)

8. Нийматова Бегимай Алтынбековна – Математика жана информатика институту

9. Темиркулов Акылмырза Аралбекович – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети.

Добавить комментарий