2025-жылдын 4-ноябрь күнү биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев Дос-Кредобанктын өкүлдөрүн кабыл алды.
Жолугушууда кызматташуунун бир нече багыттары белгиленип, студенттердин практикасын өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүү, кардарды тейлөө этикети жана башка пайдалуу дарстарды уюштуруу тууралуу пикир алмашуу болду.