2025-жылдын 15-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетинде Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий борбор ачылды. Борбордун кире беришине тартылган кызыл лентаны КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев менен Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун директору Нуржан Тентимишова кесишти.

Андан кийин иш-чаранын алып баруучусу, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев ректорго сөз берип, Догдурбек Чонтоев 25-октябрда Улуттук университеттин 100 жылдык маарекеси белгиленээрин, 100 жыл ичинде окуу жайды 192 миң адис бүтүргөн болсо, алардын арасында көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, белгилүү бизнесмен, акын-котормочу жана окумуштуу, доорубуздун чыгаан инсаны Чыныбай Турсунбеков да бар экенин белгилеп, КУУнун 100 жылдыгына жана Чыныбай Турсунбековдун 65 жылдыгына карата анын жубайы Нуржан Давлетбековнанын колдоосу менен кыргыз филологиясы факультетинде “Ч.Турсунбеков атындагы адабият борбор” ачылып жатканын билдирди жана “аталган борбор барыбыз үчүн акжолтой болуп, билимдүү жаштарды тарбиялап, талантттарды таптаган куттуу өргө болсун” деди.

Чыныбай Турсунбековдун өмүр жолу тууралуу даректүү фильм көрсөтүлгөндөн кийин, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, коомдук ишмер, медицина илимдеринин доктору, профессор Накен Касиев, Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору Абдылдажан Акматалиев, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Укубаева, филология илимдеринин доктору, профессор Суусар Искендерова, Чыныбай Турсунбековдун мугалими Шарапат Ибраева, Кыргыз эл акыны Кожокелди Култегин, мамлекеттик жана коомдук ишмер Аманбай Кайыпов, Кыргыз филологиясы; факульетинин деканы Бактыбек Жайлообаев, филология илимдеринин кандидаты, доцент Ишенбек Султаналиев жана филология илимдеринин кандидаты, доцент Аскар Медетов чыгып сүйлөшүп, Чыныбай Турсунбеков жөнүндө эскерүүлөрүн айтышты жана жаңы кабинтетке ак жол, ийгиликтерди каалашты

Ачылыш аземинин соңунда Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаттары, акындар Бердибек Жамгырчиев, Нуркыз Рыскул кызы, Сайра Батыркулова жана Бегайым Нурлан кызы Чыныбай Турсунбековдун ырларынан окуп беришти.

Добавить комментарий