2025-жылдын 24-октябрында Ала-Арча мамлекеттик резинденциясында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына арналган “Заманбап дүйнөдө жогорку билимдин орду. Глобалдык чакырыктар менен коркунучтар шартында Кыргызстандын жогорку мектеби” аттуу эл аралык форум башталды.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Эл жазуучусу Арслан Койчиев, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов, Агартуу министри Догдургул Кендирбаева жана Кыргызстандын жогоркуу окуу жайлардын ректорлору, сыйлуу ардагер коноктор катышууда.

Эл аралык форумга Казакстан, Өзбекстан, Россия, Япония, Кытай өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынан, илимдер академиясынан өкүлдөр келишти.

Добавить комментарий