2025-жылдын 16-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тууралуу тартылган «Улуттук коопсуздук» тасмасында башкы ролду жараткан КУУнун юридика институтунун 4-курс студенти Кубаныч Батыралиевди кабыл алды.

Ректор КУУнун студентин чыгармачыл ийгилиги менен куттуктап, Улуттук университет ар дайым ийгилик жараткан студенттерди колдоорун баса белгиледи.

Кубаныч учурда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде билим алуу менен бирге каскадерлук менен да алектенет.

Эскерте кетсек, тасманын сценарийинин автору жана режиссёру Медербек Жалилов, 17-октябрдан тарта бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

Добавить комментарий