2025-жылдын 16-октябрь күнү илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу менен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы тылдын катышучусу, 100 жаштын кырын ашкан ардагер, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Керимбаев Шаршен Керимбаевичтин үйүнө барып, Улуттук университеттин 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалын ардагердин төшүнө тагып келишти.
КУУнун өкүлдөрү Шаршен Керимбаевичтин эл, жер үчүн, Улуттук университет үчүн опол тоодой эмгеги бар экенин, согуш жылдары Мекен үчүн күн-түн дебей иштеп, эмгек үстүндө болгонун белгилеп, ардагерге бекем ден соолук каалашты.
Шаршен Керимбаевич Улуттук университеттеги үзүрлүү эмгек жылдарын жакшы маанай, жакшы элестер менен эстеп, эң башкысы – элибиздин тынчтыгы, мамлекеттеги сталбилдүүлүк экенин айтып, КУУнун жалпы жамаатына ийгилик, эсенчилик каалап, ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, аталган сыйлык Керимбаев Шаршен Керимбаевичке өлкөнүн илимий, билим берүү жана коомдук-маданий өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы үчүн жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине карата ректор Догдурбек Чонтоев 2025-жылдын 10-октябрында кол койгон буйруктун негизинде ыйгарылды.







