2025-жылдын 24-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму болуп өттү
Иш-чаранын катышуучуларын КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев куттуктап, Түрк дүйнөсүнүн жаштары – тамыры бир, тарыхы орток, тилеги бир тектеш элдердин өкүлдөрү экендигин, аларды Махмуд Кашгаринин “Диван лугат-ат-түрк” чыгармасы, Жусуп Баласагындын “Кут алчу билими”, Абайдын “Кара сөздөрү”, Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күнү” сыяктуу улуу мурастар бириктирип тураарын айтып, бул биримдикти илим менен билимдин, инновация менен технологиянын тили аркылуу жаңы деңгээлге чыгаруу – Түрк дүйнөсү жаштарынын ыйык милдети экендигин белгиледи жана Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесине арналган Түрк дүйнөсү жаштарынын II форумун ачык деп жарыялады.
Түрк маданиятынын эл аралык “Түрксой” уюмунун башкы катчысы Султан Раев өзү да Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү экенин белгилеп, жаштарга насаат сөздөрүн айтты жана КУУнун ректору Догдурбек Чонтоевге өзү жетектеген уюмдун алтын медалын тапшырды.
Илим, жогорку билим жана инновациялар министринин биринчи орун басары Айбек Чотонов бул жыйын – Түрк дүйнөсү жаштарынын биримдигинин жана руханий байланышынын жаркын белгиси экенин, ал эми залда отурган жаштар – Түрк дүйнөсүндө жашаган элдердин келечеги, үмүтү жана сыймыгы экенин айтып, жыйындын катышуучуларына ийгилик, дем, эргүү жана ишеним каалады.
Форумдун катышуучуларына куттуктоо сөздөрүн о.э. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана түркиялык окүлдөр айтышты.
Тыныгуудан кийин Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген жаштар мотивациялык сөздөрүн сүйлөшүп, Түрксойдун проекттери тууралуу суроолорун беришти жана татыктуу жоопторду алышты.