Мурда кабарлангандай, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим системасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле өлкөнүн ар кандай тармактары үчүн квалификациялуу адистерди даярдаганы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгы менен III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.
Аталган сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 25-октябрь күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Улуттук университеттин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада тапшырды.
Салтанаттуу иш-чара аяктаган соң, атайын акция уюштурулуп, III даражадагы “Манас” ордени Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин туусуна тагылды.
Ушул эле күнү «Евразия KG» коомдук фонду Улуттук университетке мобилдүү билим берүү лабораториясын (автобус) белек кылды.

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясындагы салтанаттуу жыйын (толук видео)