2025-жылдын 17-октябрында Кытай Эл Республикасынын Кашгар университетинин студенттери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине практика өтүү үчүн келишти. Практика учурунда алар КУУнун Конфуций институтунда кытай тилинен сабак беришет.
Кытайдан келген 19 студентти КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев кабыл алды. Ал өз сөзүндө Улуттук университет менен Кашгар университетинин кызматташуусу чыңдалып, жемишин берип жатканын белгилеп, кытайлык студенттер үчүн 3 айлык стажировка профессионалдык өсүү, маданий алмашуу жана жеке ачылыштар, о.э. кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана каада-салтын тереңирээк түшүнүү мезгили болооруна ишенээрин билдирди жана студенттерге ийгиликтерди каалады.
Конфуций институтунун кытай тараптан директору Цзя Цзинфан келген студенттердин окутучуулук менен бирге кыргыз тилин өздөштүрүүгө да мүмкүнчүлүгү болоорун белгилеп өттү.
Жолугушуунун соңунда студенттер Кыргызстандагы эң белгилүү жогорку окуу жайына келип, практика өтүүгө шарт түзгөн бардык жетекчилерге ыраазычылык билдиришти.






