Биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев 2025-жылдын 4-ноябрында Италия Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин Борбордук Азия боюнча координатору, Атайын жана Ыйгарым укуктуу министри Федерико Фаилла мырза баштаган өкүлдөрдү кабыл алды.
Жолугушуунун максаты – аймактык жагымдуулуктун жана жергиликтүү экономиканын өнүгүү моделдерин окутууну талкулоо.
Тараптар Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы кызматташтык боюнча пикир алмашып, анын ичинде айлана-чөйрө, Борбордук Азия, Кыргызстандагы суу ресустарынын абалы, келечеги тууралуу кеңири сүйлөшүүлөр жүрдү. Мындан тышкары университеттер аралык диалогдорду өнүктүрүү, академиялык кызматташтыкты жандантуу, мүмкүн болгон пилоттук изилдөөлөрдү иштеп чыгуу жана эки тараптуу изилдөөлөрдүү жүргүзүү багыттары талкууланды.
Жолугушуунун соңунда атайы сунушталган презентациялар берилип, жалпы экологиялык көйгөйлөрдү илимий жактан терең изилдеп, долбоорлорду биргелешип ийгиликтүү ишке ашыруу макулдашылды.
Отурумга о.э. Венециянын Ка’ Фоскари университетинин айлана-чөйрөнүн химиясы боюнча профессору жана изилдөөчүсү Антонио Маркомини, эл аралык кызматташуу боюнча техникалык координатор Габриэлла Росси Креспи, Sogesid S.p.A. компаниясынын кенже эксперти (серепчи) Лорена Эмили, Италиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Мария Беспалова, о.э. КУУнун аймактык маселелер боюнча проректору Кундузгүл Базакеева, илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу катышты.