Медиа

Басма сөз кызматы министрликтин ыраазычылык каты менен сыйланды

Билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз кызматташып, билим берүү тутумунда бирдиктүү иш алып барууга кошкон жигердүү салымы үчүн КУУнун басма сөз кызматы 2023-жылдын 13-декабрь күнү аталган ведомствонун ыраазычылык каты…

Ректор министрликтин коллегиясынын отурумуна катышты

2023-жылдын 13-декабрь күнү ректор Төлөбек Абдырахманов И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болуп ѳткѳн Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын отурумуна катышты. Жыйында билим берүү мекемеси менен окуучунун ата-энесинин ортосунда келишим…

Матфакта ”Адабият майданы” аттуу интелектуалдык таймаш болду

2023-жылдын 12-декабрь күнү №6-окуу имаратындагы №126-дарсканада математика жана информатика факультетинин “Жаңы муун” дебаттык клубунун демилгеси менен 1-2-курстар арасында Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына жана Улуттук адабият күнүнө карата “Адабият майданы” аттуу интелектуалдык…

ККИде Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналаган иш-чара өткөрүлдү

2023-жылдын 12-декабрь күнү кыргыз-кытай институнун орто кесиптик билим берүү бөлүмү тарабынан залкар жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Жыйынды директордун…

Ректор Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин делегациясын кабыл алды

2023-жылдын 12-декабрында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Россиянын Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин (Якутск, Саха Республикасы) эл аралык кызматташтык боюнча проректору Нюргун Максимов жетектеген делегациясын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана…

Педколледждин студенттери А.Осмоновдун музейиндеги иш-чарага катышып келишти

2023-жылдын 12-декабрында педагогикалык колледждин 1-курс студенттери окутуучу Жеңишбек кызы Назгүл менен биргеликте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Улуттук китепканадагы А.Осмоновдун музейинде өткөрүлгөн “Адабияттын соолубас дарагы 95 жашта” аттуу…

Жеңиш Бексултанов окуу иштери боюнча проректор болуп дайындалды

2023-жылдын 12-декабрында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда ректор Төлөбек Абдырахманов түзүм жетечилери менен өндүрүштүк жыйын өткөрдү. Ректор факультет декандары менен институт жетекчилерине дарсканалар менен жатаканалардагы жылытуу системаларынын абалы, студенттердин сабакка…

ЭАМжЧТФ студенти КМШ өлкөлөрү аралык сынакта 1-орунду алды

2023-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин КМШ өлкөлөрү аралык Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча “Айтматов окуусу” Эл аралык илимий-методикалык кеңешмесинин алкагында “Айтматовду дүйнө тилдеринде окуу” сынагы жарыялаган. Сынакта Ч.Айтматовдун чыгармаларын окуу боюнча видеоролик…

Кесиптик колледжде Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата иш-чара ѳткѳрүлдү

2023-жылдын 11-декабрында кесиптик колледжде Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата иш-чара ѳткѳрүлдү. Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Туйгунбек Касымалиев жана кыргыз тилчи окутуучулары тарабынан уюштурулган иш-чарага жалпы 10…

ЭАМжЧТФте Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата адабий-музыкалык кече болуп өттү

2023- жылдын 11-декабрында башкы окуу имаратындагы кичи жыйындар залында улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин доценти Абдырасулова Ж. жана ага окутуучу Мырзанаева…

КТЖИИнин студенттери балдар менен карыяларга кайрымдуулук көрсөтүштү

2023-жылдын 11-декабрь күнү компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун студенттеринин демилгеси менен түзүлгөн ыктыярчылар тобу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Салия Кыдырмаева менен биргеликте «Айданек» өспүрүм балдарды реинтеграциялоо борборуна…

Профессор Сулайман Рысбаев ПКМДИнин жамаатына конок лекция өттү

2023-жылдын 11-декабрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында окумуштуу-педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор, белгилүү балдар жазуучусу Рысбаев Сулайман Казыбаевич И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун окутуучулары менен студенттерине “Формативдик…

КФФте Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы фразеологизмдер талкууланды

2023-жылдын 11-декабрында кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын улук окутуучусу Б.Бекназарова факультет деканы Б.Жайлообаевдин 2023-жылдын 1-декабрындагы №2-буйругунун негизинде “Залкар жазучу Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы фразеологизмдер” аттуу тегерек үстөл уюштурду. Алгач Б.Бекназарова…

Уникалдуу талант, улуу аалым – К.Асаналиев

2023-жылдын 11-декабрында кыргыз филологиясы факультетинде уникалдуу талант, улуу аалым К.Асаналиевдин 95 жылдыгына карата факультет деканы Бактыбек Жайлообаевдин 2023-жылдын 1-декабрындагы №2-буйругунун негизинде лекция-сабак болуп ѳттү. Сабакты кыргыз тили жана адабияты кыргыз…

Айтматовдун чыгармалары түрк тилинде жаңырды

2023-жылдын 11-декабрында кыргыз филологисы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата улуу жазуучуну эскерүү кечесин өткөрдү. Жыйынга факультет деканы Бактыбек Жайлообаев, Кыргыз–Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинин…

Эл аралык аккредитациялоо боюнча кезектеги тренинг болуп өттү

2023-жылдын 11-декабрында санариптик технологиялар борборунда “Билим-стандарт” көз карандысыз аккредитациялоо агентствосу тарабынан эл аралык программалык аккредитациялоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча кезектеги вебинар-тренинг болуп өттү. Жыйындын модераторлук милдетин окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек…

“Манас таануу жана дүйнөлүк адабият” кафедрасы “Манас” эпосуна арналган илимий конференция өткөрдү

КР Президентинин “Инсандын руханий, адеп-ахлактык калыптануусу жана дене тарбиясы” жана “Улуттук нарк” жөнүндѳ жарлыктарын жүзөгѳ ашыруу максатында 2023-жылдын 11-декабрында кыргыз филологиясы факультетинин “Манас таануу жана дүйнөлүк адабият” кафедрасы 6-окуу имаратынын…

Scopus’та макала жазуу боюнча кезектеги семинар КТ&ЖИ институтунда өткөрүлдү

2023-жылдын 8-декабрында компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун конференц залында “Scopus маалымат базасында индекстелген журналга илимий макала жазуу жана жарыялоо маселелери” аттуу кезектеги семинар болуп өттү. Иш-чарага институттун окутуучулук-профессорлор курамы…

Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган видеороликтер сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

2023-жылдын 8-декабрында башкы окуу имаратындагы санариптик технологиялар борборунда улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган видеороликтер сынагынын жыйынтыктоочу этабы болуп ѳттү. Иш-чараны мамлекеттик тил жана…

Кесиптик колледж эл аралык илимий иш чара өткөрдү

2023-жылдын 8-декабрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда кесиптик колледж “Котормонун маданий байланыштары, маселелери жана функционалдык аспектилери” деген аталыштагы эл аралык илимий конференция өткөрдү. Илимий иш чарага Казакстандын Семей шаарындагы…