2024-жылдын 29-майында КУУнун алдындагы Конфуций институтуна Синьцзян педагогикалык университетинин ректору У Мань Цзянъ ай Ли мырза, эл аралык мамилерлер бөлүмүнүн бөлүм башчысы Май Хэ Фу Лай Ти Кань Цзи айым жана эл аралык маданий карым катнаш институтунун директорунун орун басары Ли Цзин Хуань айым 2 күндүк иш сапары менен болушту.

Алар Конфуций институтунун иши, мугалимдердин бул жактагы жашоосу жана иши менен толук кандуу таанышты.

30-май күнү СПУнун жетекчилери Конфуций институтунун директорлору менен чогуу Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейине барып, музейдин директору Жылдыз Бакашова менен маек курушту. Жолугушуу учурунда Конфуций институтунун тарых музейине жардам берүүсү тууралуу дагы сөз болду.

(С) Абирова Алтынай – Конфуций институтунун волонтеру

Добавить комментарий