2024-жылдын 27-майында башкы имараттаны чоң жыйындар залында билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча эксперттер үчүн семинар болуп өттү.
Жыйында Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева чыгып сүйлѳп, бүгүнкү иш чара лицензиялоонун жол-жобосу боюнча эксперт-адистерди даярдоого багытталганын жана окутууга билим берүү системасындагы тажрыйбалуу адистерден турган тренерлер тартылганын белгиледи.
Семинардын жүрүшүндө эксперттер М.К.Чимчикова менен Д.К.Алибаева “Билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо жана билим берүү программаларына карата лицензиялык талаптар”, Ч.Каныбеков “АСУЛА электрондук лицензиялоо платформасы боюнча жалпы маалыматтар”, Н.В.Храмцова менен Г.Ш.Бузурманкулова “Лицензиялык текшерүү баракчасын толтуруу” деген темалар боюнча баяндама жасашты.
Семинардын жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрилигинин лицензиялоо бюнча кеңешинин мүчөсү Р.У.Исаева, к.п.н., доц. эксперттерге сертификат тапшырды.









