2024-жылдын 29-май күнү окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов Синьцзян педагогикалык университетинин ректору Уманьцзян Айли мырза менен жолугушуп, эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты мындар ары өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.
Жеңиш Бексултанов “бөлүнгөн убакыттын алкагында келечекке жакшы пландар түзүлөөрүнө ишенээрин” билдирип, Улуттук университет тууралуу кыскача маалымат берди.
Уманьцзян Айли мырза Синьцзян педагогикалык университети буга чейин Кыргыз улуттук университети менен кытай тилин үйрөтүү боюнча гана кызматташып келсе, эми илим-изилдөө иштери боюнча да кызматташкысы келээрин билдирип, бул багыт боюнча сунуштарын айтты.
КУУнун проректору айтылган сунуштардын ар бирин ишке ашырууга болоорун билдирди.
Жолугушууга о.э. СПУнун бөлүм башчысы Май Хэ, эл аралык маданий карым катнаш институтунун директорунун орун басары Ли Цзин Хуань, КУУнун эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаментинин директору Бакыт Келдибеков, КУУнун алдындагы Конфуций институтунун директорлору Жылдыз Усенбаева (кыргыз тараптан) жана Чен Чжигуо (кытай тараптан) катышты.