2024-жылдын 30-майында түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн улук окутуучусу Фаризат Курамаева жана бөлүмдүн магистранты Синем Йалчынкая Ош мамлекеттик университети, Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университети, Евразия улуттук университеттеринин кыргыз филологиясы жана журналистика кафедрасы, «Казак тили жана маданияты» жана «Өзбек тили жана маданияты» борборлору тарабынан ОШМУнун 85 жылдыгына карата уюштурулган «Түрк элдеринин руханий интеграциясы: Тил, адабият, маданият» аттуу эл аралык илимий-теориялык конференцияга катышты.
Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркиянын университеттери жана илимий-изилдөө борборлорунан окумуштуу-илимпоздор катышкан конференция расмий ачылыш, пленардык жыйындар жана секциялык иштер сыяктуу бөлүктөн турду. Түрк адабиятынын жана фольклорунун маселелери, учурдагы түрк тилдеринин актуалдуу маселелери, маданият аралык байланыштарда түрк тилдери жана котормо таануу жана түрк элдеринин орток маданий мурастары боюнча түрдүү докладдар окулду.
Улук окутуучу Фаризат Курамаева “Учурдагы түрк тилдеринин актуалдуу маселелери” отурумунда “Kırgız, Türk ve Azerbaycan Türkçesinde Hâl Kategorisi: Gramatik Hâllerde Benzerlikler Ve Bazı Farklılıklar” (Кыргыз, түрк жана азербайжан тилдеринде жөндөмө категориясы: грамматикалык жөндөмөлөр боюнча жалпылыктар жана айрым айырмачылыктар) аталыштындагы баяндамасын түрк тилинде жасады. Доклад модератор жана катышуучулар тарабынан кызыгууну жаратып, илимий жактан салыштырма тил илими жаатында актуалдуу маселедердин бири экендиги белгиленип жыйнакка сунушталды.
Билдирүү менен катар улук окутуучу Ф.Н. Курамаева секциялык иштердин жүрүшүндө түркология багытында окуу-методикалык жана илимий алакада болуу, орток долбоорлорго катышуу сунушун билдирип өттү, түрк тектүү өлкөлөрдө жарык көргөн орток мурастар боюнча биргелешип иштөө сунушу катышуучулар тарабынан колдоо тапты.
Ал эми магистрант Синем Йалчынкая “ Kırgızca Ve Türkçe Deyimlerde Cinsiyet Stereotiplerinin Linguakültürel Yönden İncelenmesi” (Кыргыз, түрк тилдериндеги фразеологизмдерде гендердик стереотиптердин лингвомаданий жактан иликтениши) боюнча билдирүүсүн катышуучлардын назарына сунду. Конференциянын катышуучулары магистрантка ийгилик каалап өтүштү.
Эл аралык илимий-теориялык конференция жыйынтыктоо жыйыны өткөрүлүп, Отурум башчылары баяндамалардын актуалдуулугу, келечектүүлүгүн белгилеп өттү жана конференциянын жалпы резолюциясы кабыл алынды.
(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к.




