2024-жылдын 30-майында физика жана электроника факультетинде 2-3 курстардын практикаларын жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. Иш чараны факультет деканы Самат Токтогонов ачып, комиссия топтору менен тааныштырды жана практика жана карьера борборунун директору Замир Бакалбаевге сөз берди.
Замир Бакалбаев келечекте мыкты адис болушу үчүн окуу менен практиканы айкалыштыруунун маанилүүлүгүнө токтолуп, студенттерге кесипкөй болуунун жол жоболорун айтып кетти. Андан кийин кафедра башчылары Гульмира Бейшекеева жана Обозбек Абдылдаев практика убагындагы аткарылган жумуштарды жана студенттерге берилген жеке тапшырмаларды айтып кетишти. Ошондой эле студенттер практика учурунда топтогон тажрыйбалары жана жыйынтыктары менен бөлүшүштү. Практиканы ийгиликтүү аяктап келген алдыӊкы студенттерге практика жана карьера борбору тарабынан ардак грамоталар берилди
Конференцияга ПжКБнын башкы адиси Жыпаргул Шерматова, жетектөөчү адиси Акбермет Саматали кызы, жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу Динара Айтимбетова, факультеттин ага окутуучулары Динара Мамытова, Айнагул Ганиева, Гулийпа Акимбекова, Айгул .Баязова жана Елена Яковлевалар катышты.
(С) Акбермет Саматали кызы – ПжКБнын жетектөөчү адиси