2024-жылдын 24-майында М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка өлкөлөрү институтунун Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрү кафедрасы Россия мамлекеттик китепканасынын чыгыш адабияты борбору менен биргеликте “Межкультурные коммуникации на Шелковом пути: История и современность” деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү.
Жыйында аталган институттун директору, тарых илимдеринин доктору, проф. А.А.Маслов, Евразия элдеринин ассамблеясынын генералдык директорунун орун басары, генералдык секретариаттын жетекчиси, РФ Президентинин алдындагы Улуттар аралык мамилелер советинин мүчөсү, Россия элдеринин Ассамблея советинин жетекчиси, саясий илимдердин доктору С.К.Смирнова куттуктоо сөздөрун сүйлөштү.
Мен “Баласагун – древний город на шелковом пути” деген темада докладдын презентациясын жасадым.
(С) Гүлжамал Жаманкулова – кыргыз тил илими кафедрасынын профессору











