2024-жылдын 29-майында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун педагогикалык колледжинде «Бүтүрүүчүлөрдү узатуу» аземи болуп өттү.
Жыйында колледждин башчысы Мирбек Шарабидинов бүтүрүүчүлөргө ак жол каалоо менен бирге окууда мыкты жетишкендиктери көрсөтүп, коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Аземдин жүрүшүндө биринчи курстун студенттери чакан ыр белектерин тартуулап, бүтүрүүчүлөрдү жагымдуу маанайда узатышты.
Жыйынга катышкан ата-энелер окуу жайдын жетекчилигине, окутуучуларга ыраазычылык билдирип, ырахматын айтышты.
Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылында педагогикалык колледжди 114 бүтүрүүчү ийгиликтүү аяктады.
(С) Кыдыралиева Айжан – ПКМДИнин пиар-менеджери