2024-жылдын 29-май күнү Россия Федерациясынын Билим сапатына мониторинг жүргүзүү илим-изилдөө институту тарабынан 1-3-курстар арасында өткөрүлгөн математика боюнча Ачык эл аралык студенттик интернет-олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылды. Мелдешке катышкан Улуттук университеттин математика жана информатика факультетинин 3-курсунун студенттери Алмазбеков Марат менен Кайрыев Байжигит олимпиаданын супер финалына чыгышты.

Окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев ийгиликке жетишкен КУУнун студенттерин куттуктап, тиешелүү сертификат тапшырды жана төмөнкүлөрдү белгиледи: “Урматтуу студенттер! Сиздер Кыргыз Республикасынын намысын коргоп, 1-2-турда жеңүүчү болдуңуздар. Олимпиадага 116 жогорку окуу жайларынан, анын ичинен Россия Федерациясынын ЖОЖдорунун филиалдарынан, Кыргыз Республикасынан, Таджикистан, Түркменистан, Өзбекстан Республикасынан 4573 студент катышты. Ушунча окуу жайлардын студенттери ат салышкан курч таймашта зор ийгиликтерди жараткандыгыңар – Улуттук университет эле эмес, жалпы өлкөбүз үчүн чоң аброй. Супер финал Өзбекстан Республикасында октябрь айында өтөт экен. Ага сиздер жолдомо алдыңыздар. Ошондуктан чечүүчү таймашка мыкты даярданып, ийгиликтерге жетишет деген ишеничтебиз. Сессияңыздарды ийгиликтүү тапшырып, жакшы эс алып, октябрь айына карата даярдыгыңыздарды өркүндөтүүңүздөрдү каалайм. Сиздерге ак жол!”.

Ачык эл аралык студенттик интернет-олимпиаданы баштан аяк уюштуруп, жоопкерчилик менен өтөсүнө чыгарган академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспорттоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башкы адиси Аида Сопоновага Окуу башкармалыгынын башчысы Россия Федерациясынын Билим сапатына мониторинг жүргүзүү илим-изилдөө институту тарабынан жиберилген ыраазычылык катты тапшырды.

(С) Сопонова Аида – академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспорттоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башкы адиси

Добавить комментарий