2024-жылдын 31-май күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыгына арналган иш чараларга катышып, анын алкагында Улуттук университеттин Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетине да барды.

Факультет деканы Гүлмира Абдыраева КУУнун жетекчисине өзү жетектеген түзүм тууралуу маалымат берип, факультет жайгашкан имараттагы дарсканаларды, лабораторияларды жана айланасын көрсөтүп чыкты.

Төлөбек Абдырахманов Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин жамаатын “Улуттук университеттин күнү” менен куттуктап, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп-тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон сапымы үчүн КУУнун ардак грамотасы, грамотасы жана ректордун ыраазычылык каты менен сыйланган факультеттин окутуучуларынын сыйлыктарын 31-май Улуттук университеттин кызматкерлери үчүн дем алыш күнү болгондугуна байланыштуу деканга тапшырып, түзүм жамаатына мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Жолугушууга о.э. факультеттин алдындагы орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Алибеков катышты.

Добавить комментарий