Юридикалык колледждин окутуучусу Рита Муктарбекова жана педагогикалык колледждин окутуучулары Токтоева К. Э., Нуруева  Ж. Б., Исмаилова Г. Дж. 2024-жылдын 20-29-май күндөрү Түрк академиясы жана Назарбаев университети уюштурган «Билим берүү, тилдерди окутуу менен илимий изилдөө багытында жасалма интеллект (AI) жана EdTech санариптик технологияларын эффективдүү интеграциялоо» темасындагы эл аралык илимий-усулдук семинар-тренингге катышып келишти.

Семинар-тренингде:  Жалпы билим берүү, тилдерди (казак, кыргыз, өзбек, түрк, англис ж.б.) практикалык, кесиптик багытта окутуу менен илимий изилдөө иштерин жүргүзүүдө жасалма интеллект менен санариптик технологияларды эффективдүү колдонуунун теориялык-усулдук негиздери жана тажрыйбаларын колдонууда илимий этикетти сактоо талаптары, илимий изилдөө иштерин жүргүзүүнүн усулдары менен өзөктүү маселелерин талдоо каралды.

Семинар спикерлери: АКШ, Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан университеттери, Назарбаев университетинин профессорлору менен НУ ISSAI – Акылдуу системалар менен жасалма интеллект институту жана илимий изилдөө, усулдук борборлордун аалымдары тажрыйбаларын бөлүштү.

Эл аралык семинар-тренинг дүйнөлүк алдыңкы окуу жайлардан кесиптештер менен пикир алышып, алдыдагы кызматташууларга орток арена болду.

Уюштуруучулар Назарбаев университетине жана Ж.Баласагын атындагы КУУга колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

(С) Турсуналиев Нурбек – директордун орун басары

Добавить комментарий