2024-жылдын 6-июнунда башкы имараттагы чоң жыйындар залында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасы «Улуу ойчул Жусуп Баласагын жана заманбап педагогика» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү.
Жыйынды ПКМДИнин директору Рахат Сулайманова ачып берген соң, илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев ректордун атынан куттуктоо сөзүн айтты.
Жыйындын пленардык отурумунда жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын профессору п.и.д. Асипова Н.А. “Контекстный подход как методологическая основа обучения самостоятельной работе студентов педагогических направлений”, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы РПККЖ жана КДИнин директору Токтомаметов А.Д. “12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн артыкчылыктары”, Кыргызстан педагогдор коомунун жетекчиси, УИАнын корр.-мүчөсү, КУУнун профессору, п.и.д. Мамбетакунов Э.М., А.К. Кусаинов атындагы Евразия гуманитардык институтунун профессору (Казакстан, Астана ш.) п.и.д. Сарсекеев Б.С. “Модернизация учебника на основе компетентностного подхода” деген темаларда кызыктуу баяндамаларды жасашты.
Аталган конференцияга 15 ЖОЖдордун окутуучулары катышышты, алардын ичинен 5 – чет өлкө ЖОЖдорунан. Тактап айтканда:
- Россиянын Екатеринбург шаарындагы Урал мамлекеттик педагогикалык университетинин орус тили жана башталгыч класстарда аны окутуунун методикасы кафедрасынын
- Түркиянын
- Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинин
- М.Х.Дулати атындагы Тараз регионалдык университетинин
- Өзбекстандын Ташкент шаарындагы Т.Н.Кары Ниязи атындагы Педагогикалык илимдер илимий-изилдөө институтунун
- Азербайжандын Баку Славян университетинин педагогика жана психология кафедрасынын
- УИАнын А.А.Алтымышбаев атындагы философия институтунун
- Ж.Баласагын атындагы КУУнун
- И.Арабаев атындагы КМУнун
- И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын
- Исхак Раззаков атындагы КМТУнун У.Асаналиев атындагы кыргыз тоо-кен металлургиялык институтунун
- Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын
- Ош мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университетинин
- Б.Осмонов ат. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин
- Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинин
- Баткен мамлекеттик университетинин
- Кыргызстан эл аралык университетинин
- Заманбап маалыматтык билим берүү технологиялар (ИСИТО) институнун
- С.Мамбеткалиев атындагы Чүй университетинин
- И.Арабаев ат. КМУнун гуманитардык-педагогикалык колледжинин
- Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин.
окутуучулары катышты
Конференциянын максаты:
- элдик педагогиканын жана улуу ойчул Жусуп Баласагындын идеяларынын тарбиялоо потенциалын пайдалануу жолдорун талкуулоо жана жайылтуу;
- заманбап билим берүү процесстин жалпы көйгөйлөрүн талкуулоо;
- 12 жылдык билим берүунүн артыкчылыктарын талкуулоо;
- мугалимдерди даярдоонун актуалдуу маселелерин жана окутуунун заманбап моделдерин талкуулоо.
12 жылдык билим берүүгө өтүүнү кантип ишке ашырабыз?, Билим берүүнүн бүгүнкү абалы, “Алтын казык” программасынын артыкчылыгы, Эмнелерди өзгөртүү керек?, Сингапурдун окуу китептеринин артыкчылыктары ачыкталып, Казакстан Республикасынын билим берүү системасындагы бала бакчаларды камсыздоонун деңгээли менен Кыргызстандын бала бакчаларын камсыздоо деңгээлин салыштыруу жүгүзүлдү. Ошондой эле 12 жылдык билим берүүгө өтүү менен дүйнөдөгү билим берүү системасына жуурулуштуруу мумкүнчүлүктөрү, жаңы билим берүү технологияларынын өнүгүүсүн калыптандыруу, кошумча билим алуу мумкүнчүлүктөрү, ата мекендик жана эл аралык рыноктогу атаандаштыкка туруштук берүү мүмкүнчүлүктөрү белгиленди.
Конференциянын экинчи бөлүмүндө төмөнкү 4 секциялык иш алып барылды:
1-секция: Заманбап билим берүү процесстин жалпы көйгөйлөрү (модератор: п.и.д., проф. Мамбетакунов У.Э., катчы: п.и.к., доц. Юсупова А.М.)
2-секция: Элдик педагогиканын жана луу ойчул Жусуп Баласагындын идеяларынын тарбиялоо потенциалын пайдалануу жолдору (модератор: п.и.к. доц. Кайдиева Н.К., катчы: п.и.к. Жуматаева А.С.)
3- секция: Табигый-математикалык дисциплиналарды жана предметтерди окутуунун интерактивдүү технологиялары (модератор: п.и.к. доц. Кайдиева Н.К., катчы: п.и.к. Жуматаева А.С.)
4- секция: Педагогикалык кадрларды даярдоонун теориясы жана практикасы. башталгыч билим берүү (модератор: п.и.к.проф. Адылбек кызы Г., катчы: х.и.к., доц. Укелеева А.З.)
Ар бир секцияда катышуучулар теманын алкагында кызыктуу баяндамаларды окушту, кызуу талкуу жүрдү.
Конференция жалпы пленардык жыйындарда, секциялык бөлүмдөрдө аныкталган маселелерди талкуулоо үчүн тегерек стол менен жыйынтыкталды.