2024-жылдын 6-июнунда кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова EYUDER жана EYUDER Азербайжандын биргелешкен уюму тарабынан уюштурулган «Түрк мамлекеттеринин билим берүү системасы» семинарына конок лектор катары катышты.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында уюштурулган семинарга Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 141 мугалим катышууда.

Бурул Элебесова “Кыргызстандын билим берүү системасынын артыкчылыктары жана инновациялары” деген темада семинар өтүп, 2 саат бою түрк мамлекеттеринин мугалимдери кызыккан суроолоруна жооп берди. Семинардын аягында каалоо тилектер менен дагы ушундай теманын тегерегинде семинар өтүп берүүнү суранышты. Семинар түрк тилинде өтүлдү.

(С) Бурул Элебесова – Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий