2024-жылдын 3-июнунда кесиптик колледждин котормо иши бөлүмүнүн туризм багытында окуган студенттери Жогорку Кеңештин “ Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков менен жолугушту.
Эл өкүлү өзүнүн депутаттык иши жана жалпы Жогорку Кеңештин ишмердиги тууралуу учкай маалымат берип, алардын окууларына ийгиликтерди каалады.
Студенттер үчүн жолугушуу пайдалуу жана кызыктуу болду. Парламент имаратына экскурсия да уюштурулду.
(С) Асель Юсупова – кесиптик колледждин окутуучусу


