Веб-аналитика тармагындагы SimilarWeb сервисинен алынган маалымат боюнча 2024-жылдын Май айында КУУнун сайтына жалпысынан 135 миң 46 адам кирип, мурунку айга караганда 23 миң 25 адамга көп болду. Бул көрсөткүч боюнча биздин сайт өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлардын арасында мурдагыдай эле 1-орунду ээледи.

Белгилеп кетчү нерсе – колдонуучулардын 15 пайызга жакыны гана КУУнун сайтына компьютер аркылуу, калган 85 пайыздан ашыгыраагы – смартфон аркылуу киришет экен.

1. Сайтка кирүүчүлөрдүн саны (Май-2024):

  1. КУУ = 135 046 адам (Апрель айында 112 021 )
  2. КММА = 96 336
  3. КМТУ = 73 463
  4. ОшМУ = 46 874
  5. КМАУ = < 5000

Мындан сырткары, ошол эле сервисте сайттардын глобалдуу жана жергиликтүү рейтингдери да аныкталган.

2. Сайттардын рейтинги (Апрель-2024):

Глобалдуу рейтинг (Дүйнө боюнча)

  1. КУУ = 262 миң 617 орунда (Апрель айында 299 563)
  2. КММА= 304 212
  3. КМТУ= 519 552
  4. ОшМУ = 707 681
  5. КМАУ = 4 246 651

Жергиликтүү рейтинг (Кыргызстан боюнча)

  1. КУУ = 319 орунда (Апрель айында 384)
  2. КММА = 617
  3. ОшМУ = 1 074
  4. КМТУ = 1 772
  5. КМАУ = 5 630

Диаграммаларда көрүнүп тургандай, КУУнун сайты экинчи көрсөткүч боюнча да Май айында 1-орунду ээледи.

Урматтуу кесиптештер жана сайтыбыздын коноктору!

Сайтыбыз жаңыланган бир жылдан бери эки көрсөткүч боюнча алдыңкы орунда келе жатат. Эми, ушул темптен жазбай, мүмкүн болсо мындан да көбүрөөк кирип, окуу жайда болуп жаткан жаңылыктар менен таанышып, сунуш-пикирлер болсо айтып, дайым байланышта болуп туруңуздар. Ар бир материалга лайк басып, соцтармактарда бөлүшүп, комментарий жазууну сайттын өзүндө эле ишке ашырууга болоорун да унутпаңыздар.

Мурунку айлардагы көрсөткүчтөр менен «Абалың кандай, knu.kg» рубрикасынан таанышууга болот.

Добавить комментарий