24-май 2024-жылы юридикалык колледжде 1-курс 9-класстын базасында окуган студенттердин арасынан окуу жылы ичинде сабактан тышкары жургузулгон иш-чараларга, илимий конференцияларга активдуу катышкан студенттерди сыйлоо аземи болуп отту.

Студенттер экологиялык коопсуздук, сейрек кездешуучу жана жоголуп бараткан осумдуктор жана жаныбарларды коргоо, химия илиминдеги жетишкендиктер, таза сууну сактоо, экономика боюнча темаларга   М. Рыскулбеков атындагы КЭУда, ‘Авиценна’ медициналык колледжинде, Борбор Азиядагы корей институтунда жана башка окуу жайларда химия жана биология сабагынын окутуучулары А. О. Алымкулова жана Н. С. Усубалиеванын жетектоосу менен баяндамаларды жасап келишкен. Ушундай иш-чараларга активдуу катышкан студенттер колледж тарабынан озгочо белгиленип, юридикалык колледждин директору Д. Джумалиев студенттерге грамоталарды, ата-энелерине ыраазычылык каттарды тапшырды.

Сабактан тышкары иш-чараларга катышуу студенттердин ар тараптуу онугуусуно чон оболго болуп,  мындан ары да улана берет деген ишеничтебиз.

(С) Мамбеталиев Руслан – заместитель директора

Добавить комментарий