2024-жылдын 4-июнь күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Түштүк Кореялык “We Daba Lab” борборунун өкүлү, математика жана информатика факультетинин студенттери үчүн уюштурулган “Python жана чоң маалыматтар базасы” аталышындагы курстун жетекчиси профессор Чой Йонг Санг мырзаны кабыл алды.
Кореялык профессор КУУнун студенттери 27-апрелден 1-июнга чейин ар бир алтынчы күнү онлайн форматта Zoom аркылуу Кореянын жасалма интеллект коому тарабынан өткөрүлгөн 2 сааттык курска катышканы, практика катары “Автоматтык түрдө кыймылга келүүчү кичи автомобиль” проектин аткарышканы тууралуу айтып, жыйынтыгында КУУнун 3 командасы жасаган кичи автомобилдерди көрсөттү. Анын айтымында ар бир мини автомобилдин баасы 50 АКШ доллары.
Ректор КУУнун студентерине жасалма интеллект боюнча курс өтүп, жаңы технологияларды үйрөтүп жаткандыгы үчүн Чой Йонг Санг мырзага терең ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштерине ийгилик каалады.
КУУнун командаларынын курамы
- 1-команда: Назарбаев Фархат менен Ыкынов Рысбек
- 2-команда: Качыкеева Айжамал менен Сыргабекова Айзада
- 3-команда: Ганиева Айнагүл жаа Онорова Жумагүл.
Ушуш эле күнү математика жана информатика факультетинин деканы Изат Усенов профессор Чой Йонг Санг мырзага Улуттук университетте “Робототехника” багытын өнүктүрүү максатында, жасаган иш-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирип, анын педагогикалык жана илимпоздук ишмердүүлүгүнө албан-албан ийгиликтерди каалады.



