2024-жылдын 28-май күнү социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасында педагогика багытынын 4-курсунун ПиП-1-20 группасынын студенттери менен адистик-базалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү.
Конференциянын жүрүшүндө кафедра башчысы, профессор Г.Т.Карабалаева, доцент А.С.Баялиева жана ага окутуучулар Т.М.Мусакулов, Д.Т.Калибекова, С.Н.Нурбекова, А.С.Аркабаевалар практика учурундагы жетишкендиктер, кыйынчылыктар тууралуу маектешип, практиканттардын отчетторун кабыл алышты жана бүтүрүүчүлөрдүн алдында турган Мамлекеттик экзамендерге күчөтүлгөн даярдыктардын көрүлүшү тууралуу багыттоочу кеңештерин беришти.
(С) Нурбекова С.Н. – жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу

