2022-жылдын 28-май күнү “Дордой Плаза” соода борборунда коомдук ишмер, окумуштуу-философ, саясий илимдердин доктору, профессор Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева атындагы стипендияны тапшырууга арналган иш-чара болуп, быйылкы окуу жылында аталган сыйлыкка татыктуу болгон мыкты студенттердин ысымдары белгилүү болду.
Бул жолу “Профессор Гүлмира Мамбеталиева атындагы стипендияга” окуу, илимий, коомдук иштерге жана эл аралык ж.б. конференцияларга жигердүү катышкандыгы үчүн тарых жана чөлкөм таануу институтунун 4-курс студенти Гульзада Мажиева менен 3-курс студенти Тахмина Жанышбекова татыктуу болушту.
Стипендияны «Дордой» ассоциациясынын ардактуу президенти Аскар Салымбеков тапшырды. Ал студенттерге узун өмүр, чың ден соолук, ийгилик каалап, илим жаатында профессор Гульмира Мамбеталиеванын жолун жолдошуна тилектеш экендигин билдирди.
Жыйынга студенттердин ата-энелери, институттун директорунун орун басары Гүлзат Чодолдоева катышып, Аскар Салымбековго ыраазычылык билдирип, узун өмүр, чың ден соолук каалады.
Белгилей кетсек, “Дордой” ассоциациясынын демилгеси менен 2017-жылы Гүлмира Мамбеталиева атындагы кайрымдуулук фонду түзүлүп, саналуу гана окуу жайлардын студенттерине “Профессор Гүлмира Мамбеталиева атындагы стипендия” ыйгаруу чечими кабыл алынган.
(С) Айдар Шейшенов- Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын окутуучусу






