Урматтуу студенттер, магистранттар, аспиранттар, бүтүрүүчүлөр жана окутууучу-профессордук курам менен кызматкерлер!

Баарыңыздарды даназалуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин күнү менен ректораттын жана өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!

Биздин окуу жай Кыргыз агартуу институту болуп ачылгандан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети болуп түзүлгөнгө чейин зор жана даңктуу жолду басып өттү. Бул аралыкта университет Кыргызстанга керектүү илимий жана педагогикалык кадрларды даярдоонун көрүнүктүү очогуна айланды. Биздин бүтүрүүчүлөр жакынкы жана алыскы өлкөлөрдө да ийгиликүү иштеп жатышат.

  • Университет 1925-жылдын октябрь айында Кыргыз агартуу институту (КАИ, Киринпрос) катары ачылган.
  • 1927-жылы КАИ Борбордук педагогикалык техникум (БПТ) болуп кайра түзүлгөн.
  • 1932-жылдын 13-январында Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар Кеңеши Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун (КМПИ) ачуу тууралуу токтом кабыл алган.
  • СССР Министрлер Кеңешинин 1951-жылдын 24-майындагы токтому менен  КМПИнин базасында Кыргыз мамлекеттик университети (КМУ) түзүлгөн.
  • Кыргызстан КП БК жана Кыргыз ССР министрлер Советинин 1972-жылдын 1-декабрындагы Токтому менен университетке “СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университети” деген наам ыйгарылган.
  • СССР Жогорку Советинин 1982-жылдын 24-сентябрындагы Указы менен университет «Жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодогу жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүдөгү ийгиликтери» үчүн Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 11-августундагы Жарлыгы менен Кыргыз мамлекеттик университети Кыргыз мамлекеттик улуттук университети болуп кайра түзүлгөн.
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 11-майындагы Жарлыгы менен Кыргыз мамлекеттик улуттук университети Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети болуп кайра түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө университеттин 16 факультет, 10 институт жана колледждеринде жалпысынан 27 миңдей студент  окуп, аларга 2 миңден ашуун окутуучу  сабак берет.

Университетте Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө таанымал дасыккан педагогдор менен белгилүү окумуштуулар иштеген жана азыр да иштеп, илимий изилдөөлөрдү тынымсыз жүргүзүшүүдө.

Университеттин көптөгөн бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде, Өкмөтүндө жана Президенттик Аппаратта, ошондой эле өлкөбүздөгү ири ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда эң жогорку жана жооптуу кызматтарда, жеке менчик сектордо жана бизнесте, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдарда иштешет.

Абитуриенттерди болсо университеттеги сабак өтүүнүн жогорку деңгээли, жакшы материалдык-техникалык базасы жана эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер кызыктырат.

Азыркы учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – өзгөчө макамы бар, фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдүн эффективдүүлүгүн камсыз кылып, инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүп жаткан эң ири билим жана илим комплекстеринин бири.

Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу достор!

Сиздерди «Кыргыз улуттук университетинин күнү» менен дагы бир жолу чын жүрөктөн куттуктап, Университетте эмгектенген жана билим алган бардык замандаштарга ийгилик, бакубатчылык, чоң жетишкендиктерди каалайм. Ырыс алды ынтымак менен ар бирибиз университет үчүн ак кызмат кылып, анын атак-даңкы менен сыймыктана берели!

Сиздердин интеллектуалдык жана чыгармачыл дараметиңиздерге, университеттин калыптанып келе жаткан материалдык-техникалык базасына жана, эң негизгиси – окутуучуларыбыздын демилгелерине жана мүмкүнчүлүктөрүнө таянуу менен биздин университет Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын көч башында болуп, зор ийгиликтерге жетише берээрине терең ишенем.

Заманбап илим менен билим, спорт, маданият – айтор баардык тармактарда Кыргыз улуттук университетинин желеги сап башында  желбирей берсин!

Майрамыңыздар менен!

Добавить комментарий