2024-жылдын 28-майында ККФнын Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн окутуучулары Бурул Элебесова, Фаризат Курамаева жана магистранттары Кара-кыргыз автономиялуу областы, Нахичевань автономиялуу республикасынын 100 жылдыгы жана 28-май Азербайджан Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата КРнын Маданият, информация, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан элдер ассамблеясы, Азербайджан Республикасынын диаспора боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргызстандагы Азербайджандардын “Бирлик” коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган “Мекеним менден башталат” аттуу концерттик программага чакыруу алышып катышып келишти.

Концерттик программада КРнын Маданият, информация, спорт жана жаштар саясаты министринин этностор аралык иштер боюнча комитеттин башчысы жогоруда белгиленген даталуу маарекелер менен катар Гейдар Алиевдин кошкон салымы жана боордош элдердин карым-катышы тууралуу сөз сүйлөдү. Андан кийин Кыргызстан элдер ассамблеясынын орун басары Зухра Шедакова, Азербайджан Республикасынын диаспора боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Көнүл Алиева, Кыргызстандагы Азербайджандардын “Бирлик” коомдук бирикмесинин жетекчиси Хансывар Бахшалиев сөз сүйлөштү. Ал өз сөзүндө Кыргызстандагы Азербайджандар, экономикалык, маданий алакалар жөнүндө маалымат берип, сөзүн Гейдар Алиевдин “Манастын тили – түрк элдеринин орток тили” деген сөзү менен бүтүрдү.

Андан соң концерттик программада азербайджан жана кыргыз искусствосунун белгилүү чыгармалары аткарылды. Концерттик программа бир жарым саатка созулду.

Программага Кыргызстандын маданият кызматкерлери, өнөрпоздору, коомдук ишмерлер, түрк тектүү диаспора өкүлдөрү катышты.

(С) Бурул Элебесова – Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий