2024-жылдын 28-май күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Кыргыз-Япон борборунун (KRJC) жаңы дайындалган директору Маруяма Хидеаки мырзаны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө KRJC менен КУУнун мындан аркы кызматташуусу жөнүндө сөз болду.
Төлөбек Абдырахманов Маруяма Хидеаки мырзаны жаңы кызматка дайындалышы менен кызуу куттуктап, “Япон борборунун иш планы бекиген. Ал иштердин баары орду-орду менен аткарылып атат. Мындан ары да ошол планды улантабыз. Биз тарап, силер тарап ал пландан чыкпаганга аракет кылабыз. Андан сырткары, Япон борбору былтыр бизге көп жардам берди: 7-имараттын жылытуу системасын ремонт кылып, имараттын айланасын жашылдандырып берди. Ага ыраазычылык билдиребиз жана сизден дагы ошондой жакшы, жаңы багыттарды күтөбүз”, – деди.
Кыргыз-Япон борборунун жаңы дайындалган директору Маруяма Хидеаки мырза убакыт бөлгөндүгү үчүн ректорго ыраазычылык билдирип, “Мен 2008-2012-жылдары JICAнын Кыргызстандагы офисинин башчысы болуп иштегем. Эми Кыргызстанга кайтып келдим. Мен өзүм Кыргызстанга дайындоону суранып, чечим чыкканда сүйүндүм. Буга чейин KRJC менен КУУнун ортосунда болгон иш-чараларды уланткым келет. Япон борбору эле эмес, КУУ тарапка да жакшы натыйжаларды алып келген иштерди жасагым келет”, – деди.
Жолугушууга о.э. эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков жана Кыргыз-Япон борборунун кыргыз тараптан директору Алмазбек Азимов катышты.




