
2017 – 2022: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору
Филология илимдеринин кандидаты, доцент.
Туулган жылы: 1961-ж. 16.02
Туулган жери: Нарын облусу, Нарын шаары.
Билими: 1978-1983-жж. – СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, орус филологиясы факультетинин студенти.
1990-1993-ж. – Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинин аспиранты.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1983-1987-жж. – КМУнун адабияттын теориясы кафедрасынын мугалими.
1990-1991-жж. – Бишкек шаардык Ички иштер министрлигинин жогорку окуу жайынын тилдер дисциплинасы кафедрасынын башчысы.
1991–1995-жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун окумуштуу катчысы.
1995–1997-жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы.
1997–2007-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун, адистерди максатуу даярдоо институтунун бөлүм башчысы, директордун окуу иштери боюнча орун басары, окуу программалары боюнча менеджер, директордун окуу иштери боюнча орун басары.
2007–2008-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУтин Евразия инновациялык технологиялар институтунун директору.
2008 – 2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кесиптик-техникалык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси.
2010 – 2014-жж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри.
2014 – 2016-жж. – Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун окуу өнүктүрүү боюнча проректору.
2017-2022-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору.
2022-жылдан – бүгүнкү күнгө чейин Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорунун кеңешчиси.