1954 – 1960: Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору

Филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз ССР илимдер академиясынын академиги. Кыргыз тилинин тарыхы, диалектологиясы жана адабий тилдин жазуусу боюнча көрүнүктүү окумуштуу. Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер.

Жашаган жылдары: 06.09.1913 – 18.02.1970.

Туулган жери: Чүй облусу, Кемин району, Үч-Урук айылы.

Билими: Жумушчулар факультетин (Рабфак) жана Москва педагогикалык институтун бүтүргөн. ВКП(б) БКнын алдындагы котормочулардын жогорку 3 жылдык курсунда, Жогорку партиялык мектепте билим алган. 

Эмгек ишмердүүлүгү:

Москва шаарындагы “Жогорку Советтин Ведомостторунун” кыргыз басылмасынын редактору. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда майдандык гезиттин кабарчысы, 3-Белорус фронтундагы казакча чыккан “Кызыл аскердин чындыгы” гезитинин жооптуу редакторунун орун басары болуп иштеген.

1946-1951 – Кыргыз ССРинин агартуу министри.

1954-1960-жж. – Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору.

1960-1970-жж. Кыргыз ССР илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун алдындагы “Манас” секторунун улук илимий кызматкери.

Сыйлыктары:

  • Кызыл Жылдыз ордени.
  • Ардак Белгиси.
  • СССРдин медалдары.
  • Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер (1963).

Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатындагы К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси (өлгөндөн кийин, 1996).

Добавить комментарий