
2009 – 2010: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору
Тарых илимдеринин доктору, профессор.
Туулган жылы:.1948-жылы 26.04
Туулган жери: Тажикстан Республикасы, Шураб шаары.
Билими: 1966-1971-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин, тарых факультетинин студенти.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1971–1972-жж. – Ю.Гагарин атындагы орто мектепте мугалим (Ош областы, Баткен району).
1972-1981-жж. – Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тарых институтунун кенже илимий кызматкери.
1981-1983-жж. – СССР Илимдер академиясынын Тарых институту, Москва шаары,сынак изилдөөчү.
1983-1989-жж. – Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тарых институту, ага илимий кызматкер.
1989-1992-жж. – Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тарых институту, докторант.
1993-1995-жж. – Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тарых институту, жетектөөчү кызматкер, бөлүм башчы.
1995-2000-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны, депутат.
2000-2005-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны, улук консультант.
2005-2007-жж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги, министр.
2007-2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, вице-премьер-министр.
2008-2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы.
2009-2010-жж. – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору.
Сыйлыктар:
- Кыргыз ССРинин илимнне эмгек сиңирген ишмер.
- Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.
- СССРдин бир катар медалдарынын ээси.
- Эмгек Кызыл Туу ордени.
- III даражадагы «Манас», I даражадагы «Манас» ордендери.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.