2010 – 2011: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору

Тарых илимдеринин доктору, саясат таануу илимдеринин доктору, профессор.

Туулган жылы: 1958-ж. 10.03.

Туулган жери: Нарын облусу, Кочкор району,  Ак-Учук айылы.

Билими: 1976-1981-жж. – Фрунзе шаарындагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин студенти.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1981-1982-жж. Кыргыз ССР мамлекеттик архивинин 1-категориядагы архив кызматкери.

1982-ж. – КСЭнын шаарлардын жана айылдардын редакциясынын башкы редактору.

1982 – 1990-жж. – СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун табият таануу факультеттеринин КПССтин тарыхы кафедрасынын мугалими.

1996 – 1999-жж. – КМУнун мамлекеттик кызмат жана саясий илимдер маселелери боюнча стратегиялык изилдөөлөр окуу борборунун директору.

1999-2001-жж. – Мамлекеттик башкаруу жана социалдык изилдөө институту (ИГУСИ). КМУУнун Мамлекеттик башкаруу жана коомдук илимдер институтунун директору.

2001-ж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун философия жана мамлекеттик башкаруу факультетинин деканы.

2001 – 2005-жж. – ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын проректору (айкалыштыруу жолу менен).

2002-2006-жж. чейин – Ж. Баласагын КУУнун саясат таануу жана мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу кафедрасынын профессору.

2006 – 2010-жж. «Ак-Чий-Бөкө» айыл чарба кооперативинин төрагасы (айкалыштыруу жолу менен)

20.06 – 04.09. 2008-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын социалдык жана гендердик саясат секторунун башчысы.

01.02 – 06.10.2010-жж. КУУнун Коомдук жана гуманитардык илимдер институтунун директору.

2010 – 2011-жж. Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору.

2011-жылдан азыркыга чейин – И.Раззаков атындагы КМТУнун Илим жана технология бөлүмүнүн башчысы.

Добавить комментарий