2025-жылдын 19-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине карата жаш муунга тарыхый мурастарыбызды таанытуу, мекенге болгон сүйүүнү жана патриоттук сезимди бекемдөө, ошондой эле туризмдин өнүгүүсүнө кызыгууну арттыруу максатында География, экология жана туризм факультетинин студенттери үчүн экскурсия уюштурулуп, студенттер Кыргызстандын тарыхый жана маданий мааниге ээ болгон бир катар жерлерге — Ата-Бейит, Ысык-Ата жана Бурана мунарасына барышты.

Сапардын негизги максаты — тарыхый жерлер аркылуу студенттерге өз элинин өткөнүн, улуттук баалуулуктарын жана жаратылышынын кооздугун тереңирээк түшүндүрүү, туризм жаатындагы практикалык билимин кеңейтүү болду.

Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар жакшы таасир алышты. Студенттер экскурсия учурунда гиддерден пайдалуу маалыматтарды угуп, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык маданият жөнүндө да түшүнүктөрүн бекемдешти.

Мындай иш-чаралар жаштардын руханий жана кесиптик өсүшүнө өбөлгө түзүп, География, экология жана туризм факультетинин активдүү ишмердүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди.

(С) Сарсеитова Аида – тарбия иштери боюнча декандын оорун басары

Добавить комментарий