Азыркы учурдагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин  алгачкы негизи катарында 1932-жылы түзүлгөн Кыргы мамлекеттик педагогикалык институтту эсептесе болот, анын башаты 20-чы жылдарда республика үчүн окутуучулук кадрлар маселесин чечүү максатында түзүлгөн адистештирилген окуу жайлардан башталат.

1925-жылдын 30-мартында болуп өткөн Кара-Кыргыз автономиялык областынын Кеңешинин уюштуруу съездинде Кара-Кыргыз агартуу институтун ачуу тууралуу маселе каралган. Даярдоо ишин жүргүзгөндөн кийин, 1925-жылдын октябрь айында Пишпек шаарында Кыргыз агартуу институту(КАИ) ачылган.

1928-жылы Кыргыз агартуу институту Борбордук педагогикалык техникум(БПТ) болуп кайра түзүлгөн.

Борбордук педтехникумга Агартуу институту түзүлгөн 1925-жылдан бери жетекчи болуп иштеп келе жаткан Пётр Кузьмич Юдахин (атактуу тилчи Константин Кузьмич Юдахиндин агасы) директор болуп дайындалат. Узакка созулган оорудан соң 1928-жылы П.К.Юдахин кайтыш болот да, ошол учурда агартуу майданында аты чыгып калган, Жалал-Абадда, Ошто агартуу мекемелерин ачып, соңку жылдары П.К.Юдахин менен бирге Борбордук педтехникумда окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турган Базаркул Данияров окуу жайдын директорлугуна дайындалат. Базаркул Данияров республикалык маанидеги бул окуу жайды 1928 – 1930-жылдары башкарган.

Өткөн кылымдын 20-жылдарында автономиялык областын бийлик түзүмдөрүндө  жана борбордук партиялык уюмдарда Кыргыз АССРинде пединститутту ачуу тууралуу маселе көп учурларда көтөрүлүп, кызуу талкууланган. Натыйжада 1932-жылдын 13-январында Кыргыз АССРинин эл комиссарлар Кеңеши 1932-1933-окуу жылында Пишпек шаарында Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун (КМПИ) ачуу тууралуу токтом кабыл алган. Токтомго ылайык КМПИ 4 факультеттен турууга тийиш болгон, алар:  педолого-педагогикалык, физака-математикалык, коомдук-экономикалык жана адабий-лингвистикалык.

Биринчи курска 150 студентти жана даярдоо курсуна 60 адамды кабыл алуу пландалган. Бирок пединститутту ачканда институттун курамына жана студенттердин санына кээ бир өзгөртүүлөр киргизилген. Ошентип, студенттердин 150 деп мерчемделген саны 120га кыскартылган, ар бир факультетке 30 орундан бөлүнүп берилген. Педолого-педагогикалык факультеттин ордуна биология факультети түзүлгөн. 1934-жылы коомдук-экономикалык факультет тарых факультети болуп өзгөртүлгөн.

КМПИде алгачкы окуу жылы объективдүү себептер менен 1-сентябрда эмес, 3-октябрда башталган, ал эми институттун расмий ачылышына арналган салтанат 5-октябрда өткөрүлгөн.

Пединститут алгач ачылганда илимий-педагогикалык ишмердүүлүк менен болгону 5 кафедра алектенген, алар: социалдык-экономикалык дисциплиналар кафедрасы, математика, педагогика, биология жана лито (адабият жана тил) кафедралар. Белгилүү болгондой лито кафедрасында бир катар жылдар бою профессор Касым Тыныстанов, доцент Токчоро Жолдошев, Сатыбалды Нааматов, агартуучу педагог, ага окутуучу Базаркул Данияровго окшогон республиканын белгилүү инсандари, ошондой эле өз учурунда бул факультетте тил илиминин теоретиги, полиглот, ориенталист жана биринчилерден болуп “Манас” эпосун орус тилине которгон Е.Д. Поливанов иштеген.  

Алгач пединституттун окутуучулук курамы Москва(5), Ленинград(Санкт-Петербург 4 адам), Кмев (1 адам), Ташкент (САГУ 2 адам), Алматы (Казакстан пединституту 1 адам) ж.б. шаарларындагы жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнөн турганын бегилеп кетүү зарыл.    

Жергиликтүү кадрлар кийинчерээк, 30-жылдардын аягында 40-жылдардын башында пединститутунун бүтүрүүчүлөрүнүн эсебинен пайда болгон. Ошол кездеги бүтүрүүчүлөрдүн ичине академиктер: Б. Жамгырчинов, С. Ильясов; КРдин Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттери: А.Хасанов, К. Шатемиров; Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалимдери: А. Жолдошева, У. Ботбаева ж.б. бар эле. Алгач 1938-жылы булар менен бирге 46 адам пединститутту аяктап, дипломдуу адис болгонун баса белгилеп кетүү зарыл. 

30-40-жылдары Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун окутуучулук курамы үчүн кыйын сыноо, Улуу Ата Мекендик согуштагы орду толгус жоготуулардын жылдары болгон, ошол эле учурда ошол каардуу жылдар илимий-педагогикалык тажрыйбанын жаралышынын, түптөлүшүнүн жана топтолушунун доору болгон. Дал ошол кыйын кезде педагогикалык институттун ошол учурдун талабына жооп берген материалдык-техникалык базасы бекемделе баштаган, студенттерди окутуу боюнча окуу процесси турукташып, туура багытта өнүгө баштаган, илимий изилдөө иштери жанданган, башка республикалардын борбордук жогорку окуу жайлары менен болгон өз ара байланыш жана кызматташуу тереңдеген. Ал эми эң негизгиси окутуучулук курам тарабынан аларга жүктөлгөн милдеттемелер ийгиликтүү жүзө ашырылган, интеллектуалдык потенциалды өнүктүрүүгө, өлкөнүн социалдык-экономикалык, маданий  өнүгүүсүнө ошондой эле биздин республикабыздын калкына илим менен билимди кеңири таратууга баа жеткис салым кошулган. 

Ушул жана дагы башка көптөгөн жетишкендиктер, ошондой эле педагогикалык жамаат тарабынан аткарылуучу ишке чыгармачылык мамиле жасоосу окуу жайды таптакыр жаңы деңгээлге көтөрүп, пединституттун беделин бара-бара жогорулаткан жана анын университет деңгээлине өсүшүнө өбөлгө түзгөн.

Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки мезгилде пайда болгон эл чарбачылыгындагы жаңы тармактар, техникалык прогресстин ылдам темпи, илим менен өндүрүштүн тыгыз байланышы өзгөчө универсалдуу билим берүүгө өтүүнү талап кылган. СССРдин Министрлер Кеңеши 1951-жылдын 24-майында Кыргыз педагогикалык институттун базасында Кыргыз мамлекеттик университетти(КМУ) түзүү тууралуу токтомун кабыл алган. Ушул эле жылдын 31-августунда өлкөнүн ЖОЖдорунун арасында пионери  – республикадагы алгачкы университеттин салтанаттуу ачылышы болгон. Албетте, өз убагында бул окуя Кыргызстандын маданий турмушундагы ири окуя болгон.

Университеттин ачылышы өлкөдөгү жогорку билим берүүдөгү окутууну жаңы деңгээлге көтөрдү, эл чарбачылыгынын тармактарын, мектептерди, орто-кесиптик жана жогорку окуу жайларды, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарын камсыз кылуу үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого кеңири жол ачты.

КМУнун кээ бир факультеттеринин негизинде өз убагында республикада бир катар жогорку окуу жайлар ачылган. Милга, 1954-жылы техникалык факультеттин базасында өз алдынча жогорку окуу жайы – Фрунзе политехникалык институту түзүлгөн. 1955-жылы университеттин дене тарбия факультетинин базасында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институту түзүлгөн.                                    

Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгону, рынок экономикасына өткөнү, дүйнөлүк цивилизацияга кириши университеттин окутуучулук-профессордук курамынын алдына татаал маселелерди койду. Албетте, ошол татаал кырдаалдан жол табуу, жаңыча иштөөгө көнүү, артыкчылыктарды туура аныктоо, жетишкен жыйынтыктарга токтолбой, катуу атаандаштык шарттарында ишенимдүү алдыга жылуу кыйын болгон. Университеттин жетекчилигинин терең ойлонулган чечимдери гана, ошондой эле окутуучулук-профессордук курамдын ишке болгон ийкемдүү жана чыгармачыл мамилеси университетке ийгилик алып келди.

Тез өзгөрүлмө дүйнөдө университеттин заманбап талаптарга жооп берүүчү ийгиликтүү ишмердүүлүгүн, анын демократиялык кара түзүлүүдөгү позитивдүү ролун, өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы татыктуу ордун эске алып, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын жарлыгы менен университет “улуттук” макамына жетишкен.

Ошол эле жарлыкта: “түзүлүп калган билим берүү системасын өркүндөтүү жана аны дүйнөлүк стандарттын деңгээлине жеткирүү максатында Кыргыз мамлекеттик университетинин  статусу Кыргыз мамлекеттик улуттук университет катарында аныкталсын” – деп жазылган.

Дүйнөнүн көптөгөн өнүккөн өлкөлөрүндө “улуттук” статусу “мамлекеттик” деген салттуу мааниге ээ экендигин эске алып, КР президентинин жаңы жарлыгы менен 2002-жылдын май айында ата мекендик жогорку окуу жайлардын флагманы КМУУ Кыргыз улуттук университети болуп калды.

Акыркы жылдары жүргүзүлгөн системалык реформалардын натыйжасында КУУ заманбап көп профилдүү, илимий-билим берүүчү, маданий-агартуучу, эл аралык кызматташууда жетишерлик бай тажрыйбасы бар окуу жайына айланды.                                            

Университетте азыркы кездеги эркин рынок жана адилет атаандаштык шарттарында ийкемдүү, ийгиликтүү  ишмердүүлүктүн экономикалык модели иштелип чыгып, сапаттуу ишке ашырылып жатат. Азыркы кезде Кыргыз улуттук университети, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын арасындагы лидерлердин бири катарында жаштар арасында чоң абройго ээ болуп,   республикада гана эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө да белгилүү болду.

Эл аралык долбоорлордун чегинде (МНТЦ, INTAS, IREKS, TEMPUS ж.б.) 50дөн ашуун ири чет өлкөлүк университеттер, борборлор менен илимий кызматташууну караштырган Европа, АКШ, Канаданын эл аралык долбоорлор жана программалар менен макулдашууларды ишке ашырат. Кыргыз улуттук университеттин интеграциясы дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн алдынкы университеттеринин (Евразиялык, Lingua-UNI ж.б.) ассоциациясына  активдештирилген.

Улуттук университет КМШнын тармактык университетин, Евразиялык университеттер ассоциациясын жана Шанхай кызматташтык уюмунун университетин түзүү боюнча консорциумдун мүчөсү болуп саналат. КУУнун магистранттары жогоруда аталган долбоорлордун чегинде чет өлкөлөрдө окууга мүмкүндүк ала алышат.

КУУда Университетти жакынкы жылдарда жана келечекте ар тараптуу, туруктуу жана динамикалык түрдө өнүктүрүүнүн концепциясы иштелип чыгып, аракетте.

Көз карандысыз Кыргызстандын көптөгөн белгилүү инсандары: мамлекеттик жетекчилер, көрүнүктүү коомдук-саясий ишмерлер, илим жана маданият ишмерлери – КУУнун ар кайсы жылдардагы бүтүрүүчүлөрү жана өз эмгек жолун биздин университетте баштаган. Булар, мисалга, белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмерлер: Т.У. Усубалиев, К.Н. Кулматов, К.М. Молдобаев; КРдин экс-президенти Р.И. Отунбаева, КУУнун доценти,70-80-жылдары Университетте кафедра башчы болуп эмгектенген; минстрлер: К.Ж. Садыков, Т.А. Сариева, А. Шадиев,           А. Шыкмаматов; КРдин генералщдык прокурору А. Салянова, Жогорку соттун төрагасы В. Жамашева, ЖК депутаттары: К. Абдиев, М.Ю. Абдылдаев, Т. Бакир уулу, А. Батырбекова, Р. Жээнбеков, К. Иманалиев, А. Калматов, К. Осмонов, К. Осмоналиев, О.Ч. Текебаев,  Ч.Турсунбеков, Р.Тологонов, Э.Эрматов ж.б. КРдин УИАсынын академиктери, ири окумуштуулар: Жамгырчинов Б., Оторбаев К., Иманалиев М., Юнусалиев Б., Карасаев К., Табышалиев С., Токтомышев С., Эркебаев А., Жоробекова Ш., Жайнаков А., Какеев А.Ч., Плоских М.В., Орузбаева Б., Борубаев А., Акматалиев А. ж.б.

Улуттук университет мындай бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат. Өз учурунда алар да Кыргыз улуттук университеттин бүтүрүүчүлөрү экендигине сыймыктанары шексиз.

М.В. Фрунзе атындагы КМПИнин директорлору:

Аты-жөнүЖетектеген жылдар Эскертүүлөр
1.Юдахнн П.К.1928-1932Кирпедтехникумдун директору
2.Мактыбеков А.1932-1933 
3.Мелентьев В.1934 
4.Баишев А.1935 
5.Джабинов Б.1936 
6.Мансуров А.1937 
7.Тынаев Ж.1937 
8.Корнфельд1937 
9.Кокумов И.1938 
10.Гавырин Г.П.1938 – 1941 
11.Арбаев С.А.1941 – 1943 
12.Яушев М.1943 – 1945 
13.Липович В.В.1945 – 1951 

________________________________________________________________________________________________________________

КУУнун кыскача тарыхы:

■ 1932 – 1951: М.В.Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институт   

■ 1951 – 1972: Кыргыз мамлекеттик университети         

■ 1972 – 1982: СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз  мамлекеттик университети  

■ 1982 – 1993: СССРдин 50 жылдыгы атындагы Эмгек Кызыл туу ордендүү Кыргыз мамлекеттик университети  

■ 1993 – 2002: Кыргыз мамлекеттик улуттук университети

■  2002-жылдан тарта: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети   

* * *

Которгон: Айгүл Казакбаева – мамлекеттик тил бөлүмүнүн кызматкери

Материал 15.09.2012 жаңыланды

Добавить комментарий