
2008 – 2009: Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору
Филология илимдеринин доктору, профессор.
Россия Федерациясынын Педагогикалык жана коомдук илимдер академиясынын (1998), Нью-Йорк Илимдер академиясынын (1999) академиги.
Туулган жылы:1947-ж. 04.09.
Билими: 1970-1975-жж. – СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, чет тилдер факультетинин студенти.
1976-1979-жж. – Москва мамлекеттик М.Торез атындагы чет тилдер педагогикалык институтунун аспирантурасы.
Эмгек ишмердүүлүгү:
КМУнун кафедра башчысы.
В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер ПИ деканы.
Россиянын гуманитардык факультетинин деканы.
КМУнун проректору.
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору.
2001-ж. – И.Арабаев атындагы КМУнун ректорунун кеңешчиси.
2008-2009-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору.
2009-жылдан – азыркыга чейин Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун гуманитардык факультетинин деканы.
Сыйлыктары: Токио Сокка Гаккай университетинин илимий сыйлыгынын лауреаты