2019-жылдын 25-майында жаңыланган “КУУнун жалпы мүнөздөмөсү” менен бул жактан таанышууга болот (орус тилинде).

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү системасындагы жетектөөчү жогорку окуу жайы, автономиялык билим берүүчү илимий структура болуп саналат.  

Университеттин окуу процессине 1576 штаттагы педагог тартылган, алардын ичинен 541 – илимдин кандидаты жана 117 – илимдин доктору.

КУУда окугандардын саны – 23 333 адам, 2 162 – бюджеттик бөлүмдүн студенттери, 21 171 – бюджеттен тышкаркы бөлүмдүн студенттери, 2 723 – орто кесиптик билим берүү программасы боюнча окугандар жана 191 – жалпы орто билим берүү программасы боюнча окугандар.

КУУ өз билим берүү ишмердүүлүгүн төмөнкү багыттар менен адистиктер боюнча жүргүзөт:

  • 65 багыт боюнча бакалаврларды даярдоону;
  • 5 адистик боюнча адистерди даярдоону;
  • 2,5 жыл, 3,5 жыл окутуу мөөнөтү менен тездетилген программа боюнча адистерди кайра даярдоону;
  • 35 багыт боюнча магистрлерди даярдоону;
  • орто кесиптик билим берүүнүн 22 адистиги боюнча адистерди даярдоону;
  • илимдин 16 тармагы боюнча аспиранттарды даярдоону;
  • илимдин 6 тармагы боюнча докторлорду даярдоону.

Бул программаларды төмөндөгүлөр ишке ашырат:

  • 21 факультет;
  • 5 колледж;
  • 2 лицей;
  • аспирантура;
  • докторантура.

Негизги билим берүү программаларынан тышкары КУУнун окуу процессине кошумча билим берүү программалар, ошондой эле кыскартылган, тездетилген жогорку билим берүү программалар жайылтылган.

Университетти башкаруу системасы жогорку билим берүү мекемелерин башкаруунун заманбап моделдерине ыңгайлаштырылган. Ал мурунку учурдагы оң тажрыйбаны жана чет өлкөлүк(европалык) университеттердин башкаруу тажрыйбасынан алынган инновацияларды айкалыштырган.

Башкаруу түзүмүнүн негизине функционалдуулук принциби салынган. КУУнун жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн башкаруу структурасын шарттаган башкы критерий болуп алардын ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларынын мазмунуна, милдеттерине ылайык келүүсү саналат. Университеттин ар бир түзүмдүк бөлүгү жана ар бир кызматкер тиешелүү уставдык жана иш документтеринде белгиленген өз кызматтык жана функционалдык милдеттерин так билишет.

КУУ Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорундагы билим берүү системасын модернизациялоо, окуу процессин окуу-методикалык жактан камсыздоону өркүндөтүү боюнча иштерге катышат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргелешип мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгууну жүргүзөт. Андан тышкары КУУнун адистери жогорку сапаттагы окуу китептери менен окуулуктарды түзүүгө активдүү катышат.

КУУнун факультеттери:

  • математика, информатика жана кибернетика факультети;
  • физика жана электроника факультети;
  • химия жана химиялык технологиялар факультети;
  • биология факультети;
  • география, экология жана туризм факультети;
  • тарых жана чөлкөм таануу факультети;
  • кыргыз филологиясы факультети;
  • орус жана славян филологиясы факультети;
  • чет тилдер факультети;
  • журналистика факультети;
  • философия илимдери жана социалдык-педагогикалык технологиялар факультети;
  • кыргыз-европа факультети;
  • эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети;
  • кыргыз-кытай факультети;
  • педагигикалык факультет;
  • кадрларды кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кесипке чейинки билим берүү факультети;
  • маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультети;
  • мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети;
  • экономикалык факультет;
  • юридикалык факультет;
  • башкаруу жана бизнес факультети.

КУУнун колледждери:

  • юридикалык колледж;
  • экономикалык колледж;
  • маалыматтык технологиялар колледжи;
  • кыргыз-кытай факультетинин колледжи;
  • педагогикалык колледж.

КУУнун лицейлери:

  • гуманитардык лицей;
  • маалыматтык-экономикалык лицей. 

* * *

Которгон: Айгүл Казакбаева – мамлекеттик тил бөлүмүнүн кызматкери

Материал 9.03.2016 жаңыланды

Добавить комментарий