
2000 – 2005: Кыргыз улуттук университетинин ректору
(2002-жылдан тартып – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору)
Философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги.
Туулган жылы: 12.10.1935 – 25.04.2021-жж.
Туулган жери: Чуй облусу, Кегети айылы.
Билими: 1953-1958-жж. – КМУнун биология факультетинин студенти.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1958-1960 – жж. – Ички иштер министрлигинин архивдик фондунун лаборанты.
1960-1963 – жж. – Кыргыз ССР Илимдер академиясынын аспирантурасы.
1963-1968 – жж. – Кыргыз ССР Илимдер академиясынын аспирантура бөлүмүндө окутуучу, философия кафедрасында улук окутуучу.
1965-1984-жж. – Кыргыз айыл чарба институтунда кафедра башчысы.
1984-1989-жж. – Кыргызстан КП БКнын илим жана окуу жайлары бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
1989-1992-жж. – Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Философия жана укук институтунун директору.
1992-1993-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы.
1993-1998-жж. – Билим берүү, илим жана маданият министри.
1998-2000-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси.
2000-2005-жж. – Кыргыз улуттук университетинин ректору (2002-жылдан тартып – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин).
2005-2021-жж. – Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин «Философия» кафедрасынын башчысы;
- Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер.
- Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.
- И. Ахунбаев ат. «Ардак Белгиси» ордени.
- III даражадагы «Манас» ордени.
- «КРСУга сиңирген эмгеги» медалы.